Илимий изилдөө жазуу окумуштуунун илимий ишмердүүлүгүнүн түйшүктүү жана маанилүү учуру. Ар бир илимпоз өз эмгегин абройлуу журналга жарыялоону каалайт. Бирок жырткыч журналга кантип түшпөө керек?
Илимий иштерди кароо процессинде бардык кол жазмалар эл аралык илимий маалымат базаларында жарыялоо үчүн рецензиядан өтүшү керек. Бул милдеттүү шарт. Бирок, кээде бул процесс бир топ убакытка созулушу мүмкүн. Эмне үчүн мындай болуп жатат?