Жакында National H-index Ranking Кыргызстан үчүн 2024-жылдын экинчи чейрегинин маалыматтарын жаңыртканын жарыялады. Kyrgyz National H-index Ranking – Кыргызстанда иштеген изилдөөчүлөрдүн өндүрүмдүүлүгүн жана таасирин салыштырууга мүмкүндүк берген рейтинг. Рейтинг жылына эки жолу, экинчи кварталда жана төртүнчү кварталда жаңыртылып турат.
H-index - илимий ишмердүүлүктүн жемиштүүлүгүн жана таасирин өлчөөчү библиометриялык көрсөткүч. Ал илимпоздун башка окумуштуулар тарабынан кеминде Н жолу келтирилген басылмаларынын санына жараша эсептелет. H-index илимий чөйрөдө ийгиликтин маанилүү көрсөткүчтөрүнүн бири болуп эсептелет.
Kyrgyz National H-index Ranking методологиясы
Бул рейтинг системасы уникалдуу ыкманы колдонот. Ал үч белгилүү академиялык маалымат базасынан маалыматтарды чогултат: Scopus, Web of Science жана Google Scholar. Бул ар бир маалымат базасынан H индексинин көрсөткүчтөрүн эске алат жана стандартташтыруу максатында Google Scholar көрсөткүчү экиге бөлүнөт. Бул жалпы көрсөткүч мекеменин же окумуштуунун рейтингдеги ордун аныктайт.
Кыргызстандын жалпы H-индекс 2024-жылдын экинчи чейрегинде 136га чейин өстү, бул өлкөнүн илимий өндүрүмдүүлүгүнүн жогорулаганынан кабар берет.
Рейтингдин лидерлери
2024-жылдын экинчи кварталында Kyrgyz National H-index Ranking Кыргызстандын 60 илимий уюмун камтыды. Рейтингдин лидерлери:
- И.К. Ахунбаев атындагы Кыргыз мамлекеттик медициналык академиясы (H-индекс 52): Кыргыз Республикасынын алдыңкы медициналык окуу жайы. Дарылоо, педиатрия, стоматология жана фармацевтика багыттары боюнча кадрларды даярдайт. Ал өнүккөн илимий базага ээ жана чет элдик университеттер менен активдүү кызматташат.
- Кыргыз-Түрк «Манас» университети (H-индекс 41): Кыргызстанда чет мамлекеттин (Түркия) катышуусу менен түзүлгөн биринчи университет. Окутуу кыргыз, орус, англис жана түрк тилдеринде жүргүзүлөт. Бакалавр, магистратура жана докторантура программаларынын кеңири спектрин сунуштайт.
- Кыргыз Республикасынын Улуттук Илимдер Академиясы (Н-индекс 37): Кыргызстандын илимий уюмдарынын жана институттарынын ишин координациялайт. Илимдин түрдүү тармактарында фундаменталдык жана прикладдык изилдөөлөрдү жүргүзөт. Илимий иштеп чыгууларды ендурушке киргизууге кемектешет.
- Борбордук Азия университети (H-индекс 32): Борбордук Азиядагы биринчи жеке коммерциялык эмес университет. Окутуу англис тилинде жүргүзүлөт. Гуманитардык, коомдук жана табигый илимдер боюнча бакалавриат, магистратура жана докторантура программаларын сунуштайт.
- Борбордук Азиядагы Америка университети (H-индекс 24): Борбордук Азиядагы АКШда аккредиттелген биринчи университет. Ар кандай багыттар боюнча бакалавриат, магистратура жана докторантура программаларын сунуштайт.
Kyrgyz National H-index Ranking 2024-жылдын экинчи чейрегиндеги жыйынтыктары рейтингдин лидерлеринин арасында изилдөөнүн ар кандай чөйрөлөрүндөгү илимпоздор бар экенин көрсөтүп турат. Бул Кыргызстандын илимий чөйрөдө күчтүү потенциалы бар экенинен кабар берет.
Рейтинг системасынын артыкчылыктары
Kyrgyz National H-index Ranking бир катар артыкчылыктарга ээ:
- Ачык-айкындуулукка өбөлгө түзөт: Рейтинг Кыргызстандагы илимий өндүрүмдүүлүктүн так сүрөтүн берет, сергек атаандаштыкты жана изилдөөчүлөрдүн ортосундагы кызматташтыкты өнүктүрүүгө көмөктөшөт.
- Алдыңкы институттарды аныктайт: H-индекс көрсөткүчтөрү жогору институттар изилдөө жетишкендиктери үчүн таанылып, андан ары каржылоону жана таланттарды тартуу мүмкүнчүлүгүнө ээ.
- Мыкты изилдөөчүлөрдү таануу: Рейтинг өлкөдөгү көрүнүктүү изилдөөчүлөрдү бөлүп көрсөтүп, алардын салымдары үчүн татыктуу баа берүүнү камсыз кылат.
Kyrgyz National H-index Ranking Кыргызстандын илимий потенциалын баалоо, илимдин өнүгүшүнө дем берүү жана изилдөөчүлөрдүн жетишкендиктерин таануу үчүн баалуу курал катары кызмат кылат.
Ар бир илимпоз рейтингде өзүнүн жана университетинин позициясын жакшырта алат. Бул үчүн профилдеги маалыматтын жаңылануусуна, баракчалардын жөндөөлөрүнө мониторинг жүргүзүү жана академиялык бүтүндүктүн стандарттарын сактоо маанилүү. Так эмес маалыматтар, жабык баракчалар жана плагиат окумуштуунун рейтингине, ошондой эле аброюна терс таасирин тийгизет.